Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын “башкы командачысына” айланды


Өлкөнүн Мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин бүгүнкү жарыясына караганда, ага мындай даража Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун жума күнкү жыйынында ыйгарылды.

Бийликти атасы, өлкөнүн мурдагы жолбашчысы Ким Чен Ирден мурастап калган Ким Чен Ын буга чейин коммунисттик Түндүк Кореянын жогорку лидери деп жарыяланган. 1,2 миллион аскерлүү Түндүк Корея дүйнөдө төртүнчү ири армияга ээ.

Жыйырма сегиз жаштагы Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир 17-декабрда, 69 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

XS
SM
MD
LG