Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

БУУ Араб лигасынын Сириядагы миссиясын колдойт


БУУнун билдиргенине караганда, ал Сирия бийликтери Араб лигасынын байкоочулар миссиясы менен ар тараптуу кызматташып, аларды өлкөнүн нааразылык акциялары өтүп жаткан аймактарына тоскоолдуксуз киргизет деп күтүүдө.

Улуттар уюму мындай билдирүүнү Сирияда режимге каршы демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн жаңы кагылышынан жума күнү 20дан ашуун киши каза тапканын маалымдаган кезде жасады. Бирок бул маалыматты башка көз карандысыз булактар тарабынан тактоо мүмкүн эмес.

Араб лигасы уюмунун 100гө жакын байкоочусу - элдик толкундоо башталган май айынан бери Сирия режими өлкө кирүүсүнө уруксат берген алгачкы чет элдик байкоочулар.

БУУнун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталгандан берки кагылыштарда 5000ден ашуун киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG