Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51
Azattyk Twitter

Иран узак аралыкка учуучу ракеталарын сынабаганын билдирүүдө


Ирандын деңиз аскер күчтөрүнүн жогорку даражалуу колбашчыларынын бири Махмуд Мусави мамлекеттик маалымат каражаттарынын деңиздеги ишембидеги машыгуулар учурунда алыска радиуска эсептелген ракеталар сыналды деген кабарларын четке какты. Анын англис тилиндеги “Пресс ТВ” сыналгы каналына айтканына караганда, “ракеталарды учуруу боюнча сыноо алдыдагы күндөрү" болот.

Мунун алдында Ирандын жарым расмий “Фарс” кабар агенттиги жана “Пресс ТВ” телеканалы, мамлекеттик ИРНА агенттиги аскер деңиз күчтөрүнүн Ормуз кысыгындагы машыгуулары учурунда узак аралыкка учуучу жана башка ракеталарды сыноо ишке ашырылганын маалымдашкан.

Ормуз кысыгындагы машыгуулар башталганына бир жума болуп калды.

Перси булуңун дүйнөлүк океан менен байланыштырган Ормуз кысыгы аркылуу эл аралык базарга чыккан мунайдын үчтөн бир бөлүгү өтөт.

Жакында Ирандын бийликтери эгер Батыш анын өзөктүк программасына байланыштуу бул ирет мунай өндүрүшкө каршы багытталган санкция киргизсе, Ормуз кысыгын жаап салуусу мүмкүн экенин билдирген. АКШ буга жол бербей турганын эскерткен.
XS
SM
MD
LG