Бишкектеги тез жардам кызматынын нөөмөттөгү дарыгери Вера Дрябинанын «Азаттыкка» маалымдашы боюнча, 31-декабрь түнү тез жардам кызматына 656 кайрылуу түшүп, анын 476сына жардам көрсөтүлгөн.
Жаңы жыл түнү 3 адам каза болгон. Ошондой эле жардыргычтардан жабыркап, ооруканага жаткырылгандар көбөйдү.
-Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл тез жардамга абдан көп кайрылуу түштү. Адатта жыл сайын кайрылуунун саны 500гө жетчү эмес эле. Тез жардам кызматынын дарыгерлери жетишпей, кыйынчылык жаратууда, - деди Дрябина.
Бул убакытта Бишкекте 37 тез жардам бригадасы кызмат көрсөттү. (BkA)