Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

2-январга карата аба ырайы



Шашылыш эскертүү

30-декабрдан 2-январга чейин кардын жаашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкүсү жүрүп, күрткүлөр пайда болуп, муз тоңушу мүмкүн. Асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты кармоо, таш жолдордо түнкүсүн жолго чыкпоо керектиги айдоочуларга эскертилет.

Аба ырайы

2-январда кар жаашы күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түштүк-чыгыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз +3...8,
Талас облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз +2...1 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11 градус, күндүз +1...6,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -6...-11,
Тоолордо түнкүсүн -19...-24, ал эми күндүз -10..-15 болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамал түштүк-чыгыштан, ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус суук, күндүз 4…6 градус жылуу болот

XS
SM
MD
LG