Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Дүйнө эли 2012-жылды тозду


Австралиянын Сидней шаарында «Кыялдануу маалы» деген пиротехникалык жаркылдактардын чоң оюн-зоогу болду.

Дубайда болсо дүйнөдөгү эң бийик Бурдж-Халифа имараттын жаркылдаган оттор менен кооздолду.

Токионун борборунда жаңы жылдык каалоо-тилектер бекитилген шарлар асманга көтөрүлдү.

Лондондун Темза даярысынын боюндагы салютка жүз миңдеген адамдар күбө болду.

Берлин, Париж, Москва жана башка шаарларда жүз миңдеген адамдар көчөлөрдө жаңы жылды тозушту.

Нью-Йорктун Таймс-сквер аянтына келгендер жылдагыдай эле 30 миң оттон куралган хрусталдык шардын асмандан түшкөнүн көрүштү.

АКШ президенти Барак Обама америкалыктарга кайрылып, жаңы жыл менен куттуктады:

- Мага силер гана 2012-жылга илгери үмүт бересиңер. Анткени биз катуу талаш-тартыштардын өтсөк дагы алдыда андан курч кармаштар турат. Мен буга чейин айткандай, биз ортоңку класс үчүн шарт түзөбүз, же аны жок кылабыз. Ошол эле кезде алдыдагы айларда биз жасай турган кадамдар биздин кандай өлкө кургубуз келээрин, биздин балдар жана андан кийинки муун кандай дүйнөдө өсүшүн аныктай турган мезгил болот.

Президент Обама өткөн жылы Кошмо Штаттар алгылыктуу иштерди аткарганын, өлкө экономикалык кыйынчылктан баш көтөрө баштаганын белгиледи.

Кыргызстандыктарды биринчи жолу өлкө президенти менен премьер-министр куттуктады. Советтик мезгилден бери жаңы жылдык куттуктоону өлкөнүн биринчи гана жетекчиси айтып келчү. Бул ирет 31-декабрда түнкү саат 11де Өмүрбек Бабанов өлкөнүн калкын куттуктаса, президент Атамбаев саат түнкү 12де жаңы жылда кыргызстандыктарга биримдик каалады.

XS
SM
MD
LG