Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Сирияга Араб лигасынын байкоочулары барат


Араб лигасына кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган топ Каирден Сирияга барууга камынууда.

Учурда Сирияда лиганын ондогон байкоочулары иштөөдө. Алар президент Башардын режимине каршы чыккандар менен өкмөттүк күчтөрдүн кармашы жүрүп жаткан сириялык шаарлардагы кырдаалды баалоодо.

Буга чейин байкоочулар ортосунда пикир келишпестиктер чыкканы айтылган. Сириялык оппозициянын өкүлдөрү болсо Араб лигасынын миссиясын судандык генерал Мохаммед ал-Даби жетектеп келгенине нааразылык билдиришкен. Мохаммед ал-Дабиэлди эл аралык издөөдөгү Судандын президенти Омар ал-Баширге кызмат кылган деп айыпташууда.
XS
SM
MD
LG