Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Египетте өкмөт оппозицияга кысым болуп жатат деген айыпты четке какты


Өлкөнү башкарган Жогорку аскерий кеңешти сындап жүргөн 17 бейөкмөт уюмдун кеңсесин өткөн аптада тинтип кетишкен эле. Муну Египеттин юстиция министри Адел Абделхамид Абдалла жекшембидеги маалымат жыйынында “ал уюмдардын кирешеси каяктан экенин билиш максатында жасалгандыгы” менен түшүндүрдү.

Өткөн аптада АКШ Египетке эскертүү жасап, непада оппозицияга кысым жасалып жатканы чын болсо, расмий Каир жылына алып жаткан 1,3 млрд.долларлык жардамдан куру калат деген.

Египеттеги парламенттик шайлоо 12-мартта аяктай турганы жарыяланган болчу. Бирок кечээ өкмөт анын аяктар күнүн өзгөртүп, 22-февралда шайлоо бүтөөрүн, 28-февралда парламент алгачкы жыйынына чогулаарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG