Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Бахрейнде өспүрүм баланын тажиясы ири демонстрацияга айланып кетти


Баш калаа Манамадан түштүгүрөөктө жайгашкан Ситра айылында жаалданган элди таркатыш үчүн күч органдары көздөн жаш чыгарчу газ колдонушту. Оппозиция 15 жаштагы өспүрүмдүн башына полициянын газ балону түшүп кеткенде өлгөн дейт. Расмий BNA маалымат агенттиги болсо ал өспүрүм полицияга чабуул койгондордун арасында болгон деп кабарлады. Ал өспүрүм ишембидеги демонстрацияда каза болгон. Анын тажиясында кечээ кайрадан полиция менен кагылыш болду.

Бахрейнде калктын көпчүлүк бөлүгүн шийи мусулмандары түзөт. Алар мамлекетти сунни династиясы башкарып келатканына каршы болушууда. Элдик толкундоолор былтыр февралда башталгандан бери 1500 ашуун адам камалган.

XS
SM
MD
LG