Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Түштүк Суданда зомбулукту басууга кошумча күчтөр тартылууда


Түшүк Судандын бийликтери улуттар аралык кагылыш чыккан Пибор шаарына кошумча эки миңдей полисменди жиберүүдө. Жума күнү ал жакка Бириккен улуттар уюмунун тынчтыкты орнотуучу аскерлеринин кошумча бөлүктөрү да жайгаштырылган.

Ишембиде Пибордо жашаган мурле уруусуна лу нуэр тайпасынын 6 миңдей өкүлү кол салган. Шаардын ар кайсыл райондорундагы имараттар жана оорукана өрттөлгөн. Пибордун он миңдеген тургундары башка жактарга качып кетишти. Алардын артынан кууп өлтүргөн учурлар да болду. Канча адам өлгөнү тууралуу азырынча так маалымат жок. Эки уруунун өкүлдөрү мал талашып көптөн бери эле урушуп келатышат.

“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюмунун 130дай өкүлү азыр Пибордо жана уюм алар менен байланыш жок болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG