Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Кумарканаларга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди


Жаңы жылдан тарта Кыргызстандагы кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Жогорку Кеңеш өткөн жылдын 29-сентябрында кабыл алган мыйзамга ылайык, Кыргызстандагы казино, оюн автоматтары 1-январдан тарта жабылууга тийиш. Былтыр кумар оюндарына берилип кеткендердин жакындары бир нече ирээт нааразылык акциясына чыгышып, кумарканаларды жабуу талабын коюшкан. Мындай митингдерди казинолордун кызматкерлери да өткөрүшүп, кумарканалар жабылса жумушсуз калышарын билдиришкен. Кыргызстанда 21 казино, үч жарым миңге жакын оюн автоматтары катталган. Аларда 15 миңге чукул адам эмгектенери кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG