Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Евронун курсу эми күн сайын аныкталып турат


Улуттук банк 1-январдан тарта орус акчасы рублдын, казак теңгесинин жана евронун кыргыз сомуна карата курсун күн сайын аныктоого өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирүүдө. Бул үч валютанын курсу буга чейин жумасына бир жолу гана такталып келген. Маалыматка ылайык, рубл, евро жана теңге Кыргызстандагы банктар арасындагы акча которууларда көп колдонула баштагандыктан, алардын курсун тез аныктап туруу зарылдыгы пайда болууда. Буга чейин чет өлкөлүк валюталардын ичинен доллардын сомго курсу күн сайын өлчөнүп келген. ( KKs)

XS
SM
MD
LG