Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

3-январда жаан-чачын күтүлбөйт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун маалыматы боюнча, 3-январда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 4…9 градуска чейин жылыйт. Талас облусунда түнкүсүн -7…-12 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 0…5 градус. Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус суук. Тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 градус суук.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5.. -7 градус, күндүз 6…8 градуска чейин жылыйт. (KKs)

XS
SM
MD
LG