Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкек четиндеги конуштарга алынып келинген көмүрлөрдө радиация нормада экенин билдирүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн тараткан маалыматка ылайык, 30-декабрда Көлмө, Салам-Алик конуштарында жана Маевка, Озерное айылдарында көмүр текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында конуштарда Шабыр-Көл, Кара-Кече, Таш-Көмүр, Кара-Жыра көмүрлөрү сатылганы, аларда радиациянын көлөмү нормадан ашпаганы аныкталган.
Буга чейин бир катар жаңы конуштардын тургундары калкка радиоактивдүү көмүрлөр сатылып жатканын айтышкан болчу. (KKs)
Буга чейин бир катар жаңы конуштардын тургундары калкка радиоактивдүү көмүрлөр сатылып жатканын айтышкан болчу. (KKs)