Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Жаңы жыл күнү 178 бала тез жардамга кайрылды


31-декабрь жана 1-январда Бишкек шаардык балдарга тез жардам көрсөтүүчү ооруканага жалпысынан 178 бала кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 35и ооруканага жаткырылды. 43 бала травматологиялык бөлүмгө кайрылып, 108 балага жөтөл, өпкө сезгенүүсү боюнча жардам көрсөтүлдү. Жаңы жыл күнү Бишкектеги тез жардам кызматына бул жылы адаттан көп кайрылуу түштү. (KKs)

XS
SM
MD
LG