Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, июнь коогасында жабыркаган ишкерлерге жалпысынан 256 миллион сомдон ашык каражат жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын басма сөз кызматы кабарлады. Анын ичинен 50 миң сомдук кайтарымсыз жардамды 2015 ишкер алса, 1040 ишкерге 150 миң сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Азыркы тапта кошумча тизмеге киргизилген 2 миңден ашуун жабырлануучунун маселеси чечилбей турат. Дирекция өкмөт тараптан тиешелүү чечим болбогондуктан, аларга компенсация бере элек. (KKs)