Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:37

Арап лигасы Сирияда атышууларды тезинен токтотууга чакырды


Лиганын төрагасы Набил ал-Араби жалпысынан азыр ири шаарлардан өкмөттүк танктар, оор артиллерия чыгарылганын, бирок ок атуу токтобой жатканын билдирди. "Снайперлер калып жатканы карапайым тургундарга олуттуу коркунуч келтирет", - деди ал.

Расмий Дамаск өзүндөгү тополоңду токтотуш үчүн Арап лигасы сунуш кылган планга макул болгон. Анын негизинде азыр өлкөдө чыныгы кырдаалды аныктоо максатында лиганын 60 байкоочусу жүрөт. Бирок оппозиция ал байкоочулардын келиши менен зомбулук токтоп калбаганын, адам өлтүрүү тетирисинче күчөгөнүн белгилешүүдө.

Жекшембиде лигага мүчө мамлекеттердин жыйын куруучу жайы катары түзүлгөн арап парламенти Сирияда зомбулук токтобой жаткандыктан тезинен ал жактан байкоочуларды чыгарып кетүүгө чакырган болчу.

XS
SM
MD
LG