24 жаштагы Парвиз Давлатбеков туугандары “ал адамдарды куттуктайм, сүйүндүрөм” деген ниетте аяз-атадай болуп кийинип, отуруштардын бирине барганын айтышты. Бирок, Тажикстандын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Махмадулло Асадуллоевдин айтымында, үйүнө кайтканда Парвизди жолдо бир нече киши кармап, мууздап салышкан.
"Давлатбеков Парвиздин бычак жеген өлүгү табылган, - дейт маалымат катчы. - Кийинчерээк бул иш боюнча студент Шароф Давлатов деген жаран кармалды. Ал достору менен бирге аяз-атача кийинген жаранга кол салышкан".
Айрым маалымат каражаттары Давлатбековго кол салууну “диний радикалдардын жасаганы” деп кабарлап жатышат. Бирок бийликтер да, курман болгон жигиттин жакындары да муну дин менен байланышы жок эле бейбаштык катары көрүп жатышат.