Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

“Кыргызстан” авиакомпаниясы дагы бир Boeing алды


Аталган компаниянын жетекчиси Жолдошбек Бектургановдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Boeing 737-500 үлгүсүндөгү учак бүгүн түнү алынып келди. Мурунку жылы жайында АКШдан мурда колдонулган, бирок толук оңдоодон өткөн Boeing 737-400 үлгүсүндөгү учак узак мөөнөткө ижарага алынган болчу. “Жаңы келген учак Бишкек - Ош - Бишкек каттамында колдонулмакчы. Январь айынын этегинде дагы бир учак келет”, - дейт Бектурганов.

Мамлекеттик "Кыргызстан" авиакомпаниясынын Ту-134 үлгүсүндөгү учагы 28-декабарда Ош аба майданында кырсыкка кабылган. Учак конуп жатканда тилкеден чыгып кеткен. Жүргүнчүлөр арасында мерт кеткендер болгон эмес.

Ошто кырсыктаган Ту-134тү кошкондо “Кыргызстан” авикомпаниясынын беш учагы бар болчу. Алардын төртөө Советтер союзу маалында жасалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG