Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Египетте бүгүн парламентке шайлоонун үчүнчү айлампасы өтөт


Парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өлкөнүн тогуз провинциясында болот. Буга чейинки айлампаларда диний партиялар алдыга чыгышкан. Байкоочулар ал айлампаларда шайлоонун жыйынтыгына таасир эткидей ири мыйзам бузуу катталбаганын билдиришкен болчу. Шайлоонун үчүнчү айлампасынын алдынан Каирде күч органдары менен өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылгандар ортосунда кагылыш болуп, 17 адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG