Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Бишкек - Ош жолунда кырктай оор жүк ташуучу унаа токтоп турат


Бишкек - Ош унаа жолунун 318-чакырымындагы Көк-Бел ашуусунун этегинде ушу тапта кырктай оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" өзүн Азим деп тааныштырган айдоочу билдирди. Анын айтымында, жолдо тоңгон муздун калыңдыгы 7 сантиметрдей болуп, оор жүк ташуучу унаанын жүрүшү мүмкүн болбой жатат. Транспорт жана байланыш министрлигине маалымат алуу үчүн кайрылганыбызда Бишкек- Ош унаа жолунун дирекциясында бул тууралуу кабарлары жок экенин, андай болушу мүмкүн эместигин айтышты. (RK)

 

XS
SM
MD
LG