Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Молдошева: Улуттук кийимге кызыгуу агымы башталды


Кыргызстанда улуттук кийим модага айлана баштады. Бул тууралуу пикири менен бөлүшкөн стилист Замира Молдошева: "Буга чейин улуттук кийимдерди артисттер эле кийгенине көнгөнбүз. Бирок азыр биз, дизайнерлер бул кийимдерди кадимки жашоодо, кеңседе, тойдо жакшынкай кылып кийип алса кооз, саркеч болоорун көрсөттүк", - деген оюн айтты.

Молдошеванын айтымында, буга чейин оймо кооз болсо эле маанисине карабай жайнатып тагып, мисалы, шырдакка салынчу оймолорду мойнуна салып алышчу. "Улуттук кийимдерге кызыгуу агымы эми эле башталып, элдин көзү эми ачылып, оймонун да өзүнүн мааниси бар экен деген түшүнүктөр жаңы башталды. Мисалы үчүн, жүрөк тушка, баш калпакка, шымга жана чапанга тартылчу оймолор ар башка болот", - деп кошумчалады Молдошева. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG