Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Алиязов: Бишкек - Ош жолунда каттам үзгүлтүккө учураган жок


Бишкек - Ош унаа жолунда каттам үзгүлтүккө учураган жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек - Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын башкы инженери Жаныбек Алиязов билдирди.

"Биздин маалымат боюнча, бир чакырымча жерде көк муз болгон. 318-чакырымда күн тийбеген жер бар. Ал жерде муз эрибейт. Ошол жерде проблема болушу мүмкүн. Бирок жол каттам үзгүлтүккө учураган жок", - деди Алиязов.

Каракол шаарынан да жолчулар телефон чалышып, жолдо көп сандаган унаанын токтоп турушу тууралуу маалымат чындыкка жатпасын айтышты.

Өзүн Азим Жолдошев деп тааныштырган айдоочу бүгүн "Азаттыкка" телефон чалып, 28-декабрдан бери Бишкек - Ош жолунун 318-чакырымында, Көк-Бел ашуусунун этегинде 40ка жакын оор жүк ташуучу унаа муз тоңгон жолдон чыга албай токтоп турганын, жол тейлеген кызматтардан эч жардам болбогонун, селитра ташыган бир унаа кулап жолдо жатканын айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG