Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

АӨЛ: Сирияда оппозициялык активисттер өлтүрүлүүдө


Араб өлкөлөрүнүн лигасы Сирияда оппозициялык активисттер өлтүрүлүүдө деп билдирет. «Сирияда өкмөткө каршы массалык демонстрациялардын катышуучуларын өлтүрүү улантылууда», дейт Араб мамалекеттеринин лигасынын башкы катчысы Набил ал-Араби.

Сириядагы кырдаалга көз салууга келген лиганын байкоочулары расмий Дамаскини бир катар шаарлардан аскердик оор техниканы алып чыгууга көндүрдү. Сириялык оппозиция болсо бийлик эл аралык байкоочуларга ээн-эркин иштөөгө мүмүкүнчүлүк берген жок деп сындашат.

БУУнун маалыматы боюнча президент Башардын режимине каршы демонстрациялар маалында 5 миңден ашуун киши набыт болду.

Жергиликтүү автивисттер менен укук коргоочулар 400гө чукул киши бийликтин репрессиясынын курмандыктары болгонун билдиришет.

XS
SM
MD
LG