Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

Айова: Республикачылар президенттикке талапкер аныктайт


Бүгүн АКШнын түндүк борборундагы Айова штатында бир айга созулган шайлоонун алгачкы жараяны башталат. Бир ай ичинде өлкөнүн бардык штаттарында республикачылардын арасынан ким ушул жылдын ноябрь айында өтчү президенттик шайлоого талапкер болоору аныкталат. Республикачылардын арасында Массачусетс штатынын губернатору Митт Ромни, Техастын конгрессмени Рон Пол жана Пенсилвания штатынын сенатору Рик Санторум алдыңкы үч орунду ээлери күтүлүүдө. Айовадагы сурамжылоо шайлоочулардын 40% чукулу азырынча кимге добуш берерин чече электигин көрсөттү.

АКШда ушул жылдын ноябрь айында өтчү президенттик шайлоого демократтардан Барак Обама катыша тургандыгы буга чейин айтылган.

XS
SM
MD
LG