Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Египетте Мубаракты прокурор “эзүүчү бийликти түзгөн” деп айыптады


Бул өлкөдө былтыр февралдагы ыңкылапта бийликтен кулатылган президент Хосни Мубарактын соту кечээ жанданып, анда прокурорлор айыптарды угузушту. Башкы прокурор Мустафа Сулейман экс-президент Мубарактын 30 жылдык бийлиги учурунда өлкөдө “адамдарды эзген катаал режим” түзүлгөнүн айтты.

Былтыркы ыңкылапта 800 ашуун адамдын өлүмү үчүн 83 жаштагы Мубарак менен кошо анын эки уулу, өлкөнүн мурдагы ички иштер министри жана полициянын алты жогору даражалуу офицерлери айыпталышкан. Алар өздөрү тагылган күнөөлөрдү моюнга алышкан жок. Бүгүн сот иши улантылат.

XS
SM
MD
LG