Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Франция Иранга каршы экономикалык санкцияларды күчөтүүгө чакырды


Француз тышкы иштер министри Ален Жюппе кечээ журналисттерге сүйлөп жатып, “Иран атомдук курал жасап жатканынан күмөн санабай турганын”, ошон үчүн Евробиримдикти Тегеранга каршы экономикалык катуураак жазаналарды кабыл алууга чакыраарын айтты. Ал буга далил катары Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭнин) соңку докладына шилтеме жасады.

Министр андай санкция катары АКШда кабыл алынган мыйзамды мисал келтирди. Вашингтондо президент Барак Обама жаңы жылдын биринчи күнүндө Иранга каршы экономикалык санкция киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. Эгер ал толук аткарылса, дүйнө боюнча мунайды кайра иштеткен ишканалар Ирандан мунай сатып алышы дээрлик мүмкүн болбой калат.

XS
SM
MD
LG