Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

АКШ Ооганстандын талиптер менен элдешүү жараянын колдойт


Расмий Вашингтон бул тууралуу талиптер Катар мамлекетинде “саясий кеңсесин” ача тургандыгы тууралуу айтышкандан кийин билдирди. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд: “Эгерде бул саамалык ооган согушун токтотууга жардам боло алса, анда аны АКШ колдойт”, - деди.

"Эгерде талиптердин кеңсесинин ачылышы Ооганстан баштаган, Ооганстан колдогон жана ооган өкмөтү чындап иштеп кетет деп ишенген долбоор болсо жана аны Катар мамлекети да колдону чын болсо, анда биз да бул жараяндын бир катышуучусу болгонго даярбыз", - декди Нуланд.

Кечээ Ооганстандагы талиптер Катарда “саясий өкүлчүлүгүн” ачууга бул өлкөнүн бийликтеринин макулдугун алгандыгын билдиришкен. Чет өлкөдө өкүлчүлүк ачуунун максаты «эл аралык коомчулук, анын ичине АКШ менен Ооганстандагы тынчтык тууралуу сүйлөшүү», - деген эле «Талибан» кыймылынын активисттеринин бири Забихулла Муджахид.

Талиптер Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн шарт катары чет-өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүүнү жана түрмөлөрдөгү талиптерди бошотууну талап кылышкан. Ооган бийликтери жана Батыш “талиптер менен сүйлөшүүнү баштардан мурун алар куралын ташташы керек” деген талап коюшкан.

XS
SM
MD
LG