Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:50

Экстремизмге каршы прокурордук көзөмөл күчөдү


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экстремизмге каршы көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алып, атайын план бекитти. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Улуттар, этностор, аймактар жана диндер ортосунда араздашууну, социалдык карама-каршылыкты козуткан, зомбулукка үндөгөн аракеттердин баары экстремизм катары бааланып, кылмыш жоопкерчилиги каралганы айтылды. Бул тууралуу жарандардан келип түшкөн арыздарга, маалыматтарга көңүл бурулбаса, тиешелүү мекеме кызматкерлерине карата чаралар колдонулаары да белгиленген. Былтыр экстремисттик багыттагы аракеттер боюнча Кыргызстандын тартип коргоо органдары тарабынан 83 кылмыш иши козгологон, 25и боюнча айыптар сотто далилденген. (RK)

XS
SM
MD
LG