"Кыргызстандагы бокс: рингде чыныгы эр азаматтар" аттуу китеп жарыкка чыкты. Анын автору - бокс ардагери, коомдук ишмер Иван Настаев. Бокстун Кыргызстанда калыптанышы, алгачкы боксчулар тууралуу баяндаган бул китеп кыргыз боксунун быйыл февралда белгиленүүчү 85 жылдыгына арналган. Китепте кыргыз коомчулугуна кеңири белгилүү инсандар - академик Турар Койчуевдин, генерал-лейтенант Бексултан Ишимовдун, генерал-майор Эркин Сүйөркуловдун өспүрүм курагы, жаштыгы бокс менен байланышта болгону тууралуу баяндалат. Автордун айтымында, бокс боюнча алгачкы машыктыруучу Ахмедзян Вяльшин болгон. Китеп ошол адамдын жаркын элесине арналган. Бокс боюнча алгачкы чемпионат Кыргызстанда 1938-жылы өткөрүлгөн. (KM/RK)