2011-жылы Кыргызстандын укук, тартип коргоо органдары тарабынан экстремизм боюнча 83 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Алардын 62си сотко жиберилип, 25и боюнча коюлган айыптар далилденген. 37 кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктай элек. Мурда кабарлангандай, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экстремизмге каршы көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алып, атайын план бекитти. Улуттар, этностор, аймактар жана диндер ортосунда араздашууну, социалдык карама-каршылыкты козуткан, зомбулукка үндөгөн аракеттердин баары экстремизм катары бааланып, кылмыш жоопкерчилиги каралганы айтылды. (RK)