Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:00

Алай: Кар көчкүдө калган мергенчинин сөөгү табылды


Бүгүн саат 10:00 чамасында Нура айылынын тургуну Э.Баймырзаевдин сөөгү жергиликтүү эл тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” кабарлады.

Оштун Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылынын тургуну Баймырзаев 3-декабрда түшкө маал Тогочор деген жерге мергенчиликке чыгып, кар көчкү астында калган. (RK)

XS
SM
MD
LG