Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Мергенбаевди мекенине кайтарыш үчүн 5 миң юан сурашууда


Үрүмчүдө 3-4 жылдан бери мекенине кайта албай жүргөн кыргызстандык жаран Кылычбек Мергенбаевге Кыргызстанга виза ачыш үчүн кытай тарапка 5 миң юан айып пул талап кылынууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кытайдагы кыргызстандыктардын өкүлдөрү кабарлашты. 5 миң юан 38 миң кыргыз сомуна барабар.

Ысык-Көл облусуна караштуу Кажы-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Кылычбек Мергенбаев үч жылдан ашуун убактан бери Үрүмчүдөн Кыргызстанга келе албай жүрөт. Өзүнүн “Азаттыкка” айтканына караганда, ал Үрүмчүгө 2008-жылы жазында барган. Товар ташып, ишкерлик менен алектенчү экен. Кытай-уйгур тополоңу маалында документтерин жоготуп алып, ошондон бери мекенине кайта албай калган.

Мергенбаевдин Кыргызстанга келе албай жүргөнүн “Азаттыкка” Майрамбек Бакасов аттуу адам кабарлады. Анын айтымында, Кытайдын Үрүмчү калаасында ар кандай себептерден улам мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Бери дегенде эле 20-30дан ашат. (ZB/KE/RK)

XS
SM
MD
LG