Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кумарканалардын жабылышын талап кылгандар митингге чыгышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында кумарканалардын жабылышын талап кылган демилгелүү топтун нааразылык акциясы өттү. Кабарчыбыздын маалымдашынча, чогулгандардын саны 50дөй киши болду. Алар кумарканалардын жабылышы тууралуу мыйзамга карабай, Бишкекте да, Ошто да көптөгөн ири кумар оюнканалары дагы эле иштеп жатканын айтышууда. Буга өзүлөрү күбө болуп келишти. Нааразылык акциясы жума күнү да уланмай болду.

2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр күздө кабыл алып, ага президент кол койгон. Кумарчы болуп кеткен кыргызстандыктардын жакындары өкмөткө, парламентке бир нече ирээт кайрылып, кумарканаларды жабуу талабын коюп келишкен. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент бир добуштан колдоп берген. (AlA//RK)

XS
SM
MD
LG