Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Кумарканаларды текшерген инспекциялык топтор түзүлдү


Бишкек милициясы кумарканалар жабылдыбы же жокпу, текшериш үчүн инспекциялык топторду түздү. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 3-январда өткөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгында шаарда 5 казино жана 3 оюн автоматтар коюлган жай иштеп жатканы аныкталды. Жалпысынан Бишкекте 15 казино жана 21 оюн автомат жайы бар.

Былтыр күзүндө кабыл алынган мыйзам боюнча, быйыл 1-январдан тарта Кыргызстандагы кумарканалардын ишине тыюу салынган. Бирок бул мыйзамга карабастан, Бишкекте жана Ошто мындай жайлар дагы эле иштеп жатканын айткан митингчилер бүгүн парламенттин алдына чыгып, нааразылык акциясын өткөрүштү.

Кыргызстандагы кумар оюндар бизнесинин өкүлдөрү өкмөттү сотко беришээрин "Азаттыкка" Оюн бизнеси боюнча ассоциациянын юристи Данияр Мамыров билдирди. Анын айтымында, 1-январдан тарта кумарканаларды жабуу боюнча мыйзамга таянып өкмөт алардын көпчүлүгүнүн лицензиясын алып койду. Бул кумар оюн ишкерлерине чыгып алып келди. Мамыровдун билдиришинче, кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам Конституцияга да, бир нече мыйзамдарга да карама-каршы келет. (RK)

XS
SM
MD
LG