Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Боз-Учукта ПРООН аркылуу жолдор калыбына келтирилүүдө


Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын (ПРООН) “Табыгый кырсыктар тобоокелчилигин башкаруу” долбоорунун негизинде 2011-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айыл өкмөтүндөгү сегиз кыштакта беш көпүрө оңдолду. Бир топ жылдар бою айыл ичинде көпүрөлөр каралбай, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө, жашоосуна коркунуч туулуп калган. Боз-Учукта ошондой эле жайытка кетчү Ичке-Жергез - Боз-Учук - Алтын-Булак жолунун 7,5 чакырымдай жери оңдолду. Бул жолду жайында жергиликтүү дыйкандар чөп тартуу үчүн да пайдаланышат. Боз-Учукта жер титирөө, сел, жер көчкү, кар көчкү сыяктуу коркунучтар жогору. Эки жыл мурун айылдык куткаруучулар тобу түзүлгөн.
Боз-Учук мектебинде куткаруучулардын штабы ачылып, керектүү шаймандарды ПРООН камсыздап берген.

Жалпысынан 2011-жылы ПРООНдун “Өзгөчө кырдаалдар тобоокелчилигин башкаруу” программасынын алкагында Кыргызстандын эң аялуу делген коомчулуктарында 20 чакан долбоор ишке ашты. Алар табыгый кырсыктардын алдын алууга жана анын кесепетин жоюуга багытталды. (RK)

XS
SM
MD
LG