Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Египетте парламенттик шайлоонун үчүнчү айлампасы өтүүдө


Египетте парламенттик шайлоонун жыйынтыктоочу үчүнчү айлампасы соңуна чыгууда. Добуш берүү өлкөнүн 9 провинциясында өтүүдө, бул аймактарда 15 миллион шайлоочу катталган. Египеттин христиандар жашаган түштүк райондорунда дагы шайлоо бекеттери ачылган. "Мусулман агайиндер" кыймылынын "Эркиндик жана адилет" партиясы мурдагы эки айлампанын жыйынтыгы боюнча алдыга чыккан. Алар өлкөнүн Баш мыйзамын талкуулоодо өз көз карашын башкаларга таңуулабай тургандыгын айтууда.

Египетте жаңы парламенттин эң башкы максаттарынын бири өлкөнүн Баш мыйзамын жазуу. Өткөн жылдын феврал айында элдик толкундоонун күчү менен мурдагы президент Хосни Мубарак бийликтен кулаган.

Ушул тапта дагы бул өлкөдө нааразылык акциялары өтүп, өлкөнү башкарган өткөөл аскерий өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылынды. Декабр айында болгон кагылышта 17 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG