Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Беларуста интернетке чектөөлөр киргизилди


Belta расмий маалымат агенттиги кабарлагандай, президент Александр Лукашенконун буйругуна ылайык, “мыйзамсыз” деп эсептелинген сайттарга кирүүгө уруксат берген интернет-провайдерлер айып пулга жыгылышат. Болгондо да “мыйзамсыз” делген сайттардын катарына диссиденттик кыймылдардан тарта кадимки порнографияга чейинки түрдүү мазмундагы даректер кириши мүмкүн.

Беларустагы жаңы эреже чет мамлекеттерден интернет кызмат көрсөткөндөргө да таркатылат. Маселен, Google өңдүү чет өлкөдө катталган сайттар Беларуста ачылышы үчүн бул өлкөдө каттоодон өтүшү зарыл.

Буга баш ийбеген провайдерлер 100 доллардай айып пул төлөшү лаазым. Чектөөлөр эртеңден тарта күчүнө кирмекчи.

XS
SM
MD
LG