Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Орусияда оппозиционер Сергей Удальцов түрмөдөн чыкты


"Солчулдар фронту" кыймылынын координатору Сергей Удальцов абактан чыгаары менен чогулган тарапкерлерине кайрылып, мындан ары да эркиндик үчүн күрөшүүгө даяр экенин билдирди.

"Мен эч кандай себепсиз камалдым, - деди ал. - Азыр Орусияда саясий, социалдык реформаларды түп тамырынан бери өзгөртүш үчүн бардык прогрессивдүү күчтөр биригиши канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Биздин өлкөнү жок кылып жаткан уурулар менен алдамчыларды бийликтен кетириш керек".

Орусияда 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын оппозиция тааныбай, өлкөдө эки ирет ири демонстрацияларды уюштурган. Удальцов ошондон бери “полицияга баш ийген эмес” деген кине менен үч жолу соттолду.

XS
SM
MD
LG