Иранда “Американын тыңчысы” деген шек менен камалган Амир Хекматинин үй-бүлөсү ага тийиштүү укуктук жардам берилбей жатканын билдирди. Хекматинин укугун иран бийликтери дайындаган адвокат коргоп жатат жана алар сот күнү алгачкы жолу жолугушкан.
Теги ирандык 28 жаштагы Амир Хекмати – мурдагы аскерий котормочу, АКШнын жараны. Ал камалганына төрт айдан ашты. Жергиликтүү бийликтер аны “ЦРУнун агенти” деп ишенишет. АКШ болсо Ирандан өзүнүн жаранын бошотууну талап кылды.
Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланддын айтымында, расмий Вашингтон Иран бийликтеринен Хекматини швейцариялык дипломаттар менен жолуктурууга уруксат беришет деп күтүп күтүп жатат. Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык мамиле болбогондуктан, бул өлкөдө америкалыктардын кызыкчылыгын Швейцария коргойт.