Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:24

Бишкекте шахмат боюнча мелдеш өтүүдө


Бишкектеги №6 орто мектепте балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүүдө. "Кышкы мелдеш" аттуу бул акыл таймашына Нарындан, Чүйдөн жана Бишкектен 5 жаштан 18 жашка чейинки жеткинчектер жана өспүрүмдөр катышууда. Жүздөн ашуун катышуучу үч топко бөлүнүп мелдешүүдө. Бул тууралуу Шахмат федерациясынын мүчөсү, машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева "Азаттыкка" билдирди. Мелдештин жеңүүчүлөрү 8-январда аныкталат. (KM/RK)

XS
SM
MD
LG