Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Бакиров: Диний экстремизм боюнча кылмыш иштер көбөйдү


2010-жылга салыштырмалуу былтыр диний экстремизм боюнча козголгон кылмыш иштер 5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын түштүк аймак боюнча жетекчи орун басары Станбек Бакиров билдирди. Анын айтымында, аялдардын топтору аныкталды. Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай шаарчасынан диний экстремизмге тиешеси бар деп шектелген аялдар тобу кармалды. Алардын ишмердүүлүгүн Дин иштери боюнча комиссия текшерип, Кыргызстандын Конституциясына каршы келе турганын билдиргенден кийин кылмыш иш козголуп, сот жообуна тартылып жатышат. 4-январда Башкы прокуратура экстремизмге каршы күрөштүн үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп жатканын билдирген. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG