Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Ошто жаңы төрөлгөн үч эмдин бири чарчап калды


Ош шаарындагы облустук ооруканада 30-декабрда акушер дарыгерлердин жардамы менен үч эм төрөлдү. Бирок алардын бирөө төрөлөөр замат чарчап калганын бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Дарыгерлердин айтымында, боюнда бар кезде аялдар медициналык байкоого алынбагандыктан соңку жылдары төрөттөн кыйналган аялдардын да, ымыркайлардын да саны өсүүдө. Үч эмдин энесин Өзгөн районунан алып келишкен. Ал төрөөрүнө бир аз калганда гана Орусиядан келген. Дарыгерлер текшергенде анын абалы оор экени, көптөгөн оорусу бар экени, өзү төрөй албастыгы аныкталган. Хирургиялык жол менен балдарын алып чыкканда алардын экөөнүн салмагы 2 200 грамм болгон. Ал эми 1 800 грамм салмакта төрөлгөн үчүнчү ымыркайдын ички органдары туура эмес өскөндүктөн, ал ошол замат чарчап калган. (RK)

XS
SM
MD
LG