Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

"Түндүкэлектр": Энергияны пайдалануу нормадан ашууда


Бишкекте, Чүйдө жана Таласта электр энергиясын өткөрүүчү жабдууга келген оордук нормадан ашууда. Аталган аймактарды тейлеген "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашкандай, январда Бишкекте суткасына 10 миллион 867 миң кВт. саат норма деп аныкталганы менен жаңы жылдын алгачкы күндөрү суткасына 12,5 миллион кВт.саат болду. Талас облусунда нормадан ашуу 300 миң кВт.саатты, ал эми Чүйдө 700 миң кВт.сатты түздү. Бүгүн энергияны жабдуунун өткөрүү кубатынан ашыкча пайдалангандыктан зымдар чыдабай Бишкектин четиндеги «Касым» жаңы конушунда жарык өчтү. Оңдоо иштери жүрүп жатат. Декабр айынын экинчи жарымында электр энергиясын пайдалануу нормадан 60-70 пайыз ашкан учурлар болгон. Бишкектеги жана шаар четиндеги көптөгөн кардарлар жарыксыз, жылуулуксуз калышкан.(RK)

XS
SM
MD
LG