Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

АКШ Евробиримдиктин Иран боюнча турумун жактады


АКШ Евробиримдиктин Ирандан чийки кара май сатып алууга тыйуу салуу жөнүндөгү макулдашуусун колдоду. Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланд айым 4-январдагы маалымат жыйынында Вашингтон бул сыяктуу кадамдарды Европадагы жакын өнөктөштөрдөн башка жактагы өлкөлөрдөн күтөөрүн айтты.

Санкция Ирандын талаштуу ядролук программасына каршы багытталган. Франциянын тышкы иштер министри Алан Жюппенин билдиришинче, Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Ирандын чийки мунайын импорттоого тыйуу салуу жөнүндөгү чечимди 30-январда Лиссабондо кабыл алат. Франсс пресс агенттигинин маалыматына караганда, 2010-жылы Евробиримдик керектеген мунайынын 5,8 пайызын Ирандан алган.

XS
SM
MD
LG