Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Сирия армиясы Хомс, Дераа жана Идлибде кала берүүдө


Президент Башар Ассаддын режимине каршылык көрсөтүп жаткан шаарларда дале өкмөттүк күчтөр кала берүүдө. Бул жөнүндө сириялык оппозиционерлер билдиришти. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын байкоочу уюмдун башчысы Рами Абдел Рахмандын айтышынча, Хомс, Дераа жана Идлиб шаарларынан танктар чыгарылып кетип, алардын ордуна брондолгон аскерий техника киргизилген.

Араб Лигасы Сириядагы сегиз айдан берки тирешүүлөрдөгү кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн армияны козголоңчу шаарлардан чыгарып кетүүнү талап кылган болчу. Козголоңчу "Эркин Сирия" армиясынын командачысы, полковник Рияд Асаад алар Араб Лигасынын байкоочуларынын ишине канааттанбаганын айтып, өкмөттүк күчтөргө каршы көтөрүлүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG