Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Хейг Мянмага тарыхый сапарга келди


Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг бүгүн Мянмада тарыхый визитин баштады. Хейг 1955-жылдан бери Мянмага келген биринчи британ тышкы иштер министри. Уилям Хейг өлкө байтакты Нейпидо президент Тейн Сейн жана Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аунг Сан Су Чжи айым менен жолугушат.

Өткөн жылга чейин Мянманы аскерий диктатура башкарчу. Бирок соңку кездеги өзгөрүүлөр эл аралык коомчулукта Мянмада кеңири багытта реформа болот деген үмүттү жандандырды.

Декабрда эле АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Мянмада сапар менен болгон. Бүгүн Мянманын шайлоо комиссиясы оппозиция лидери Су Чжи башындагы Демократия үчүн улуттук лигасынын апрелде болчу парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берди.

XS
SM
MD
LG