Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Иран Батышты “экономикалык согуш” ачты деп күнөөлөдү


Расмий Тегеран Батыш өлкөлөрүн санкция жарыялап, Иранга каршы “экономикалык согуш жүргүзүүдө” деп күнөөлөдү. Береги билдирүү европалык дипломаттар Евробиримдик Ирандан кара май сатып алууга санкция жарыялоого макул болгонун айткандан кийин жасалды.

Ирандын экономика министри Шамсиддин Хусейни өкмөттүк ИРНА агенттигине айтканга караганда, “Ислам республикасынын душмандары өлкөнү чынжырлай албай койгондон кийин экономиканы кишендегиси келүүдө”.

Франциянын тышкы иштер министри Алан Жюппенин билдиришинче, Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Ирандын чийки мунайын импорттоого тыйуу салуу жөнүндө чечимди 30-январда Лиссабондо кабыл алат. Франсс пресс агенттигинин маалыматына ылайык, 2010-жылы Евробиримдик керектеген мунайынын 5,8 процентин Ирандан алган.

XS
SM
MD
LG