Ооган президенти Хамид Карзайдын администрациясынын маалымдашынча, Баграм түрмөсү бир айдын арасында Ооганстандын башкаруусуна өтөт. Бул абак жай азыр АКШ башындагы эл аралык күчтөрдүн башкаруусунда. Расмий билдирүүдө айтылганга караганда, түрмөнү өткөрүп алууга анда катталган “Ооганстандын конституциясына жана эл аралык келишимдерге ылайыксыз фактылар” себеп болду. Бирок президент Карзай 2010-жылы Баграм түрмөсүн 2012-жылдын январынан кечиктирбей бир жыл ичинде өткөрүп алуу боюнча комиссия түзгөн болчу.
Баграм түрмөсү Баграм авиабазасынын ичинде жайгашкан. Бул АКШнын Ооганстандагы эң чоң аскерий базасы.
Баграм түрмөсү Баграм авиабазасынын ичинде жайгашкан. Бул АКШнын Ооганстандагы эң чоң аскерий базасы.