Кечээ Иракта катарма-катар болгон жардырууларда кеминде 72 адам мерт болгон, 100дөн ашууну жаракат алган. Өлкөдөгү шийилерге каршы уюштурулган чабуулдар Ирактан америкалык аскерлер декабрда толугу менен чыгып кеткенден берки эң ири кан төгүү болду.
АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Виктория Нуланд кечээги билдирүүсүндө “шийилерге каршы ал чабуулдарды Иракта оор согуш мезгилине кайтууну каалагандар жасады” деди.
"Биз муну террор чабуулдары деп билебиз жана айыптайбыз, - деди Мамдепартаменттин өкүлү. - Аларды Иракта мурдагы заманга кайтууну каалаган күчтөр эле жасап жатат деп ишенебиз".
Кечээ Насирия шаарында шийи зыяратчылары көп чогулган жерде жанкечти өзүн жардырып жиберип, 38 адамды өлтүргөн. Анын артынан Багдаттын шийилер көп отурукташкан түндүгүндө катары менен беш жардыруу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.
Чабуулдар мамлекеттеги жалпы шийи-сунни саясий тирешүүсү уланып жаткан маалда болуп жатат. Бирок суннилер кечээги жардыруулардын артында “Ал-Каида” турат дешет.